Бишкек, 26.04.23./Кабар/. Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, бүгүн, 26-апрелде Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +19...+24, Талас облусунда +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл облусунда +15...+20, Нарын облусунда +14...+19 градус болот.
Ал эми абанын температурасы Бишкекте +22...+24 +26...+28 градуска жетет.
Пикир
Оставить комментарий