• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда 27,3 млн сомго "Жеңилбес жетөө" жомогу тартылат

Маданият 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. "Жеңилбес жетөө" сериалын жаратууга тендер жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди Кинематография департаментинин алдындагы "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси жарыялады.

Сметалык баасы 27 млн 272 миң 727,96 сом. Анын ичине адабий, режиссердук сценарийди жазуу, уюштуруу жана сериалды чыгаруу кирет.

Конкурстук табыштамалар 19-мартка чейин кабыл алынат.

Техникалык негиздемесинде сериалдын жанры жомок деп көрсөтүлгөн. Сценарий узактыгы 40 мүнөт болгон 12 сериядан турушу керек.

Пикир

Оставить комментарий