• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 6 айда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 237 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-июнь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 237 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу тазаланган мунай продуктуларынын (55,8 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (28,8 пайызга), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (17,9 пайызга), фармацевтикалык продукциянын (16,6 пайызга), химиялык продукциянын (14,4 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (8,9 пайызга), ошондой эле текстиль өндүрүшүнүн жана кийим-кече өндүрүшүнүн (8,6 пайызга) өсүшүнүн эсебинен 1,0 пайызга көбөйдү .

Курулушта дагы оң тенденциялар байкалган, мында көлөмдүн өсүшү 48,5%ды, дүң жана чекене соодада - 21,0%ды, ошондой эле айыл чарбасында - 3,3%ды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий