• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Кыргызстанда 9 айда 86 миңден ашык эмгек мигранттарынын балдары көзөмөлгө алынды

Коом 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 9 айында 86 миңден ашык эмгек мигранттарынын балдары аныкталып, көзөмөлгө алынган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде 72 миңдей баланын (83,7%) ата-энеси чет мамлекетке чыгып кеткен.

Жалпысынан 296 миңден ашуун үй-бүлөлүк текшерүүлөр уюштурулуп, алар эмгек мигранттарынын балдарын, балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алуу жана аныктоо максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий