• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кыргызстанда аарычылыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда аары азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттук потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

КР Аарычылык палатасы Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен аарычылык субъекттери үчүн "Өлкөдө аарычылык институтун өнүктүрүү" темасында аарычылык чарбасы үчүн маанилүү беш региондо тегерек столдорду өткөрдү.

Тегерек столдордо төмөндөгүдөй негизги маселелер талкууланды:

  • кошумча нарк чынжырына негизделген кластердик өндүрүш системасы аркылуу аарычылык секторун өнүктүрүү стратегиясы;
  • аары азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттук потенциалын жогорулатуу;
  • өндүрүлгөн аары азыктарынын сапатына жана коопсуздугуна карата ветеринардык-санитардык талаптар;
  • агроөнөр жай комплексин кредиттөө" балчылык субъекттери тарабынан финансылык-кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу.

Тегерек стол аарычылык субъекттери менен мамлекеттик органдардын, аарычылык продукциясынын агрегаторлорунун (экспортерлорунун) жана аарычылыкка кызмат көрсөтүүчү башка кызматтардын ортосунда кызматташуу платформасын түзүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий