• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

Кыргызстанда “Агродиалог -2025” агроөнөр жай форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-январынан 31-январына чейин “Агродиалог - 2025” республикалык агроөнөр жай форуму өтөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Ал белгилегендей, аталган иш-чара И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык окуу жайынын базасында өтүп, төрт күнгө созулат.

“Иш-чаранын биринчи, экинчи күндөрү мал чарбасы жана талаачылык боюнча жолугушуулар өтөт. Форумда дыйкан, фермерлер айыл чарба тармагынын алдыңкы ишкерлери менен таанышып, талкуунун жыйынтыгында өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлөт. Форумга өз тармагынын мыктылары тандалып алынды. Бул чоң компаниялар эмес, өлкөнүн аймагындагы эле мыкты ийгиликтерге жетишкен карапайым жарандар тандалып алынды. Форум - айыл чарбасындагы алдыңкы ишкерлердин тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн ири аянтча болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө мыкты делген адистер кантип ошол ийгиликтерге жетишкендери тууралуу айтып берип, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Ал эми үчүнчү, төртүнчү күндөрү кайра иштетүүчүлөр мал чарбасы жана талаачылык менен алектенген дыйкан-фермерлер менен өз ара жолугушууларды өткөрүшөт. Жолугушуунун жүрүшүндө кээ бирлери кызматташуу боюнча келишимдерди түзүшөт. Мен ойлойм бул форум абдан жакшы өтөт. Анткени, бул агродиологдун өлкөнүн айыл чарба тармагындагылар үчүн мааниси чоң”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий