Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда Аял-прокурорлордун ассоциациясы түзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мындай ассоциация өлкө тарыхында биринчи ирет түзүлүп жатат.
Аны түзүүнүн негизги максаты — аял-прокурорлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоо, коргоо, өкүлчүлүк кылуу жана мыйзамдуулукту чыңдоодо, адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууда аял-прокурорлордун ролун жогорулатуу болуп эсептелет.
Пикир
Оставить комментарий