• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Кыргызстанда айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Олег Гучгельдыев башында турган кызматкерлери биргелешип иштөөнүн багыттарын талкуулашты.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар айыл чарба адистерин даярдоону колдоо, азык-түлүк коопсуздугу жана сууну туруктуу пайдалануу темаларын окуу программаларына интеграциялоо, окуучулардын жашыл көндүмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

“Биздин билим берүү система өзгөрүп жаткан дүйнөгө ыңгайлаша алган, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу көйгөйлөрүн чече алган, экология, климаттык тобокелдиктер, жашыл экономика маселелери боюнча сабаттуу, STEM көндүмдөрүнө ээ адамды даярдашы керек”, - деди Кендирбаева.

Министр билим берүү программаларын талкуулоо үчүн ЖОЖдор менен жолугушууларды уюштурууну сунуштады. FAO өкүлдөрү окуу материалдары жана усулдук колдонмолор менен бөлүшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий