• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкекте ийне жалбырактуу дарактардын көчөтү отургузулду

Коом 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы жашыл аянтчаларга кам көрүүнү улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкананын кызматкерлери тарабынан Ч.Айтматов проспектисинин боюна Ормон-Хан көчөсүнөн ВДНХга чейин жана Масалиев көчөсүнө Чортеков көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейин жана Тыналиев көчөсүнүн батыш тарабына ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузду.

Жалпысынан 110 түп жаш көчөт отургузулду.

Ошондой эле шаардын бардык райондорунда бак-дарактарды санитардык тазалоо жана куураган бутактарды санитардык бутоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий