• 85.8
  • 93.2
  • 0.88

Бишкек шаарын кардан тазалоо иштери кызуу жүрүүдө — мэрия

Коом 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. «Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды кардан, муздан тазалоого даяр. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, карды тазалоодо инерттик материалдардан техникалык туз колдонулуп, учурда кампада 4 миң 928 тонна туз бар.

"Туз себүү иштери шаардын 133 көчөсүндө жүргүзүлүүдө. Шаардын жолдорунун жүрүүчү бөлүгүн кардан тазалоо үчүн 39 атайын техника: МАЗ үлгүсүндөгү 26 кар тазалоочу, ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү 2 кум чачуучу машина, 2 алдыңкы жүктөгүч, 5 щеткалуу трактор жана 4 универсалдуу унаа тартылды", - деп айтылат маалыматта.

Жол боюндагы аялдамалардагы жана тротуарлардагы карды тазалоо иштерине 715 жол тейлөөчү, 121 жүктөгүч жана 650 тазалоочу тартылат.

Пикир

Оставить комментарий