• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда акыркы 4 жылда кылмыштуулук дээрлик 50%га азайды – Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Акыркы төрт жылда кылмыштын катталуусу дээрлик 50 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында өткөн салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагындагы коомдук жайларга төрт миңден ашуун видео-камералар орнотулуп, алар аркылуу күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлүп, жалпыга бирдей болгон коомдук тартип сакталып келүүдө.

"Олуттуу иш-аракеттердин натыйжасында акыркы төрт жылда кылмыштын катталуусу дээрлик 50 пайызга төмөндөп, коомдук жайларда одоно тартип жана мыйзам бузуулар жөнгө салынып келе жатат", - деди өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий