• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Президент Жапаров: Пандемиянын үчүнчү толкунун элибиз сезбей да калды

Президент 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. "Пандемиянын үчүнчү толкунун элибиз сезбей да калды", - деп белгиледи бүгүн, 25-декабрда, президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйналышында.

Президент пандемия башталганда медицина тармагы таптакыр даяр эмес экендигин көрсөткөндүгүн айтты.

"Жада калса, аспиринди, масканы да өзүбүздөн чыгара албайт экенбиз. Барын импорттойт экенбиз. Импортубуз көп", - деп баса белгиледи президент.

Жапаров билдиргендей, 2020-жылдын башында пандемия башталганда коронавирус менен күрөшүүгө керектелүүчү жабдууларды, дары-дармектерди алууга, ооруканаларды салууга – сарпталуучу каражаттар акыр аягына чейин берилбей жатты.

"Анын айынан: дарыларды таппай калдык, баалары асманга учту, ооруканаларга киши батпай калды. Акыры барып “каргашалуу июль” болду!", - дейт Жапаров.

Өлкө башчысы былтыр COVID менен күрөшүүгө эл аралык донорлордон 3 багытта келген 350 млн долл жардам көрсөтүлгөн, Центеррадан 74 млн долл алышкандыгына токтолду. Тилекке каршы, ал каражаттардын дайыны жок, максаттуу колдонулган эмес.

"Бир да жаңы оорукана курулган жок. Баарын бюджетти колдоого колдонуп салышкан. Быйыл да коронавирус менен күрөшүү уланды. Бул вирус улам бир штаммдары менен коркутуп жатты. Бирок биз күрөштүк. Ал түгүл ФОМСка 2019-жана 2020-жылдары 700 млн сомго жакын карыз экен. Ушул төлөнбөй келе жаткан кредитордук карыздардын баарын быйыл 2021-жылы жаптык. Муну менен бирге бир да тышкы булактардан жардам албай коронавирус менен күрөшүүгө өзүбүздүн бюджеттен 3,8 млрд сом бөлдүк. 85 миң медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөргө 1,3 млрд сом бердик. Вакциналарды сатып алууга 1 млрд 775млн сом каражат жумшадык. Жалпысынан гуманитардык жардамдарды кошкондо 5 млн 916 миң доза вакцина келди, эмдөө башталды. Пандемиянын үчүнчү толкунун элибиз – сезбей да калды. Биз элибизди аман алып калдык.", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий