• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1, Чүй облусунда 3, Нарын облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында жалпы аянты 192 чарчы метр болгон сарай жана ичинде жайгашкан 350 түк чөп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кайырма айылында жалпы аянты 150 чарчы метр болгон турак үйдүн чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында турак үйдүн бөлмөсүнүн 12 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарына караштуу Кош-Булак айылында турак үйдүн бөлмөсүнүн 24 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий