Бишкек, 26.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 266 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 891 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 375 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 802 миң 841 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 597 миң 676 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Пикир
Оставить комментарий