• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстанда акыркы жумада 275 мас айдоочу аныкталды

Коом 0


Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда 20-майдан 26-майга чейин алдын ала маалымат боюнча, 21 миң 128 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 338;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 275;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 79;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 737;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 408;
  • авто ээнбаштык – 26;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 316;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 943

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 560 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий