Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 278 айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 17.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда 10-июндан 16-июнга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 825 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 347;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 278;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 70;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 938;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 071;
  • авто ээнбаштык — 3;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4689;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 12 427;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1560 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

"Урматтуу жарандар эгерде сиздер коомдо кылмыш жана кырсык, ошондой эле жол эреже бузуу фактыларына күбө болсоңуз "102" номуруна, же ЖКККББнын (0777) 102-102 WhatsApp номуруна тезинен кабарлап койсоңуз болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий