• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

ТИМ: Жакынкы Чыгыштан 99 кыргызстандык кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Жакынкы Чыгыштан Кыргызстандын 99 жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Алар өлкөгө бүгүн алынып келди, анын ичинен 28 аял жана 71 бала.

"Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жайгаштырылган репатрианттарды кайтарып келүү боюнча кезектеги "Айкөл 5" гуманитардык миссиясы Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз тарап оор абалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча бешинчи ири атайын операцияны ийгиликтүү өктөрүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн жана логистикалык колдоого америка тарапка жана эл аралык өнөктөштөргө өзгөчө ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий