Кыргызстанда атамекендик өндүрүштөгү паспорттор бериле баштады

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда атамекендик өндүрүштөгү жаңы үлгүдөгү паспорттор бериле баштады.

Бүгүн санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева 2 жашар Амалия Бакиралиевага, Ат-Башы районунун тургуну Керималы Мамбетовго, Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыз Исматилла Имамалиевге жана Жумгал районунун тургуну Бегайым Байсаловага жаңы үлгүдөгү алгачкы жалпы жарандык жана ID паспортторун тапшырды.

Паспорттор “Учкун” мамлекеттик ишканасынын базасында даярдалат. Буга чейин паспорттор чет өлкөдөн жасалып келинчү.

"Учкун» Калкты каттоо департаменти тарабынан талап кылынган паспорттордун бардык көлөмүн үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө камсыздоого милдеттенет. Бул жаатта эч кандай көйгөй жаралбайт", - деп белгиледи министр Кутнаева.

Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаев кошумчалагандай, жаңы паспорттор бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Алсак, ID паспорту 20дан ашык, ал эми жалпы жарандык паспорт 30га жакын коргоо элементтерине ээ.

Пикир

Оставить комментарий