• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун ишмердүүлүгү текшерилди

Коом 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Бишкекте үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун ишмердүүлүгү текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Биринчи май районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова №7 балдар борборунда болуп, эмдөө бөлмөсүн көрүп чыгып, ата-энелер менен баарлашты.

Мындан тышкары, Айнура Арстамбекова массаж бөлмөсүндөгү полду төшөө, оңдоо иштеринин жүрүшү, ишти өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү боюнча подрядчынын көрсөтмөлөрү менен таанышты.

Мындай текшерүүлөр уланмакчы.

Белгилей кетсек, учурда кызамык жана кызылча ооруларын алдын алуунун алкагында Бишкектин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда профилактикалык эмдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий