• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленет

Маданият 0


Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. 23-апрелде Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Ринат Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чаранын максаты окурмандарды китеп окууга тартуу жана эл арасында китепти даңазалоо болуп саналат.

“Эртең, 22-апрелде өлкөнүн бардык аймактарында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт", - деди ал.

Аскарбеков аталган иш-чара Маданият министрлиги, К.Балиянов атындагы Республикалык китепкана, ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоору, Мамлекеттик китеп палатасы жана Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен өткөрүлөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү 12 жылдан бери белгиленип келет.

Маалымат үчүн: Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү 1996-жылдан бери жыл сайын 23-апрелде белгиленип келет. Бүткүл дүйнөлүк күн 1995-жылы 15-ноябрда ЮНЕСКОнун 28-сессиясында жарыяланган. Мындай чечим агартуу жана маданий салттарды өнүктүрүү максатында, ошондой эле китеп билимди жайылтуунун эң маанилүү каражаты жана аны сактоонун эң ишенимдүү жолу экендигин эске алуу менен кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий