• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Кыргызстанда баланын эрте өнүгүшүн баалоо боюнча алгачкы изилдөө өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда баланын эрте өнүгүшүн баалоо боюнча алгачкы изилдөө өткөрүлдү. Изилдөө Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Изилдөө өлкө боюнча түзүлүп жактан кыска мөөнөттүү бала бакчалардын арасындагы оңдоо иштери бүткөн 276 бакчанын 70инде жүрдү. Мында 1050 бала изилдөөгө тартылган. Оңдоо иштери аяктай элек калган кыска мөөнөттүү 224 бала бакчанын ичинен 55 бакча тандалып, 550 бала үй шартында байкоого алынган. Изилдөөнү өткөрүүчү 140 тарбиячы 2024-жылдын июль айында атайын окутуудан өткөн.

Изилдөө август айында башталып, сентябрда аяктады. Баалоону санариптик форматта жүргүзүү үчүн онлайн жана оффлайн режиминде иштей турган электрондук тиркеме иштелип чыккан.

Изилдөөнүн негизги максаты - балдардын физикалык, социалдык, эмоционалдык, коммуникативдик жана когнитивдик өнүгүү деңгээлин аныктоо. Алынган маалыматтар эрте курактагы балдардын учурдагы абалын баалоого гана эмес, мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн талап кылынган негизги көйгөйлөрдү аныктоого жардам берет.

Баалоо 4-5 жаштагы балдардын курактык категориясына карап 2 жуманын ичинде түздөн-түз байкоо түрүндө жүргүзүлөт жана рейтинг/балл коюу менен аяктайт. Педагог рейтингди түзөт, башкача айтканда, ар бир өлчөнгөн индикатор боюнча үч диапазондогу белгилүү жүрүм-турумдук көрүнүштөргө ылайык упайларды (1ден 7ге чейин) ыйгарат: жогорку (алдыңкы), жетиштүү (орто) жана жетишсиз (негизги).

Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты – ар бир баланын өнүгүү процессин комплекстүү өлчөө инструменти. Башкача айтканда, тарбиячылар бала бакчадагы тайпалардын ичинде жана сыртында баланын жүргүзгөн бардык иш-аракеттерин, мисалы, сейилдөө учурунда байкап, өлчөп турушат. Бул баланын өнүгүүсүндөгү негизги аспектилерди белгилейт жана баланын өнүгүүсүнө жекече мамиле жасоого жардам берет.

Балдардын эрте өнүгүүсүн баалоого багытталган базалык изилдөө мектепке чейинки билим берүү системасын жакшыртууда жана окутуу менен тарбиялоонун жогорку стандарттарын камсыз кылуудагы маанилүү кадам болуп саналат.

Бул каражат Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында "Балалык" программасынын талаптарына ылайык иштелип чыкты. Инструмент мындан ары Билим берүү министрлигине өткөрүлүп берилет жана окутуу менен тарбия берүүнү жакшыртуу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын күнүмдүк практикасына киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий