Кыргызстанда балдар эмгектин эң начар түрлөрүнө тартылуудан корголот – Рысбекова

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда балдар эмгектин эң начар түрлөрүнө тартылуудан корголот, - деди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Бишкекте өткөн "Балдар эмгеги: социалдык-экономикалык саясаттагы көйгөйлөр жана чечүү жолдору" аттуу иш-чарада.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган иш-чара Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулган.

Министрдин биринчи орун басарынын айтымында, балдардын укуктарын коргоо 1992-жылы ратификацияланган Эмгекке орношуу үчүн минималдуу жаш курагы боюнча Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясында кепилденген.

"Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, өспүрүмдөр 14 жаштан баштап бош убактысында ден соолугуна зыян келтирбеген, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпаган жеңил жумуштарды аткара алышат.

Окуу менен жумушту айкалыштырган окуучулар үчүн жумушка орношуу 14 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн 2,5 сааттан жана 16 жаштан 18 жашка чейинки жаштар үчүн 3,5 сааттан ашпайт. Ошол эле учурда КР Эмгек кодексине ылайык, балдар эмгегин анын эң начар формаларында пайдаланууга катуу тыюу салынат", - деди ал.

Иш-чарага КР балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Ф.Эберт фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Филипп Ян жана башкалар катышты.

Пикир

Оставить комментарий