• 87
  • 91.29
  • 0.84

Кыргызстанда банк системасынын ишин көзөмөлдөө кандай жүргүзүлөт? Улуттук банктын жообу

Экономика 0

Улуттук банктан Кыргызстанда банк системасынын ишин көзөмөлдөө кандай жүргүзүлөрү тууралуу айтып беришти.

Банктык көзөмөл

"КР Улуттук банкы жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына ылайык, Улуттук банктын негизги милдеттеринин бирин Кыргызстандын банк тутумунун натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча жүзөгө ашыруу максатында, Улуттук банк КР банк системасынын ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

Жалпысынан, банк ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу, банк ачылганда (түзүлгөндө), лицензия берилген учурдан тартып, банк жабылганга чейин (ишин токтотконго) чейин, Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштердин жыйындысынан турат.

Банктык көзөмөлдүн негизги максаты

КР банк системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылардын таламдарын коргоо, КР банк мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо болуп эсептелинет. Ошол эле учурда, КР мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Улуттук банк банктардын күндөлүк ишине кийлигишпейт.

Көзөмөл жүргүзүүнүн максатында, Улуттук банк, банктык көзөмөлдүн жана жөнгө салуунун эл аралык, анын ичинде Базель комитетинин стандарттарын эске алуу менен бирге КР банктык мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган укук ченемдик актыларды чыгарат.

Ошондой эле Улуттук банк капиталдын минималдуу өлчөмү, талап кылынуучу ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) боюнча жана башка экономикалык стандарттарды, валюталык, насыялык, операциялык жана башка тобокелдиктерди чектөө жана аларды тескөө боюнча талаптарды, ошондой эле ченемдердин жана талаптардын башка түрлөрүн белгилейт.

Банктык көзөмөл кандайча жүргүзүлөт?

Банктык көзөмөл тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле жөнгө салуучу ченемдерди чыгаруу аркылуу ишке ашырылат. Улуттук банк жеринде комплекстүү жана максаттуу текшерүү иштерин тышкы көзөмөл менен айкалыштыруу аркылуу ар бир банк үчүн анын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен көзөмөл жүргүзүү стратегиясын аныктайт.

Тышкы көзөмөл менен инспекциялык текшерүүнүн негизги айырмасы

Банктарга тышкы көзөмөл кароого сунушталган отчеттор жана башка маалыматтар боюнча банктардын ишине талдоо жүргүзүү аркылуу, ошондой эле банк ишинин негизги багыттары боюнча банктын башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү аркылуу аралыктан, туруктуу негизде ишке ашырылат.

Улуттук банк ыйгарым укуктуу кызматкерлерди банкка жөнөтүү аркылуу банк ишине мезгил-мезгили менен инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүп турат.

Инспектордук текшерүүлөрдүн алкагында, банктын финансылык абалына, башкаруу сапатына жана натыйжалуулугуна, банктын туруктуулугуна жана коопсуз ишине таасир этүүчү банк ишине мүнөздүү тобокелдиктерге, банктын финансылык жана жөнгө салуучу отчеттуулугунун ишенимдүүлүгүнө, Улуттук банктын эскертүүлөрүнүн, талаптарынын жана сунуштамаларынын банк тарабынан аткарылышына, КР банктык мыйзамдарында белгиленген башка милдеттердин жана талаптардын банк тарабынан аткарылышына баа берилет.

Улуттук банк банктардын ишине баа берүүдө тобокелдикке багытталган көзөмөл (мындан ары - РОН) жүргүзөт.

Тобокелдикке багытталган көзөмөл (РОН)

РОН - бул, банктын ишинин ар кандай чөйрөлөрүнө жана аларды башкаруу сапатына жана ички контролдун сапатына баа берүүдө алдын алуу мамилеге негизделген, банктын ишинде чоң тобокелдик чекитин аныктоо үчүн түзүлгөн көзөмөл. РОНдун негизги милдеттеринин бири, кийинки көзөмөлгө көңүлдү банктын иш-аракеттеринин эң чоң тобокелдиктери байкалган жактарына багыттоо. Мындан тышкары, РОН Улуттук банктын да, комерциялык банктын да бизнес процесстерине зыян келтирбестен көзөмөл ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүүгө көмөктөшөт.

Башкача айтканда, РОН банктын ишиндеги тобокелдиктерге сандык, сапаттык талдоо аркылуу баа берүүнү камтыйт, анын ичинде, Улуттук банктын жооптуу кызматкерлеринин кесиптик чечимине, анын мүнөзүн, тобокелдик профилин жана маанисин эске алуу менен банкка жекече мамиле жасоону колдонот.

Банктарга мүнөздүү тобокелдиктер

Тобокелдик – мүмкүндүк, тактап айтканда финансылык операциялардын натыйжасында банктын өз ресурстарынын бир бөлүгүн жоготуп алуу, кирешесин жоготуу же кошумча чыгымдарды алуу ыктымалдыгы.

Заманбап банктык рынок тобокелдиксиз ишке ашпайт. Тобокелдик баардык операцияларда ар кандай деңгээлде болот жана ар кандай жолдор менен ордун толтурууга болот. Банк иши үчүн, жалпысынан, тобокелчиликтен алыс болуу, аны алдын-ала билүү жана минималдуу деңгээлге чейин түшүрүү маанилүү.

Банктар, коммерциялык уюм катары, негизинен, чон киреше алууга аракет кылышат. Бирок бул максат жоготууларга учурашы мүмкүн. Кирешелер канчалык жогору күтүлсө, тобокелдик ошончолук жогору болот.

Базель комитетинин классификациясы кредиттик, рыноктук, операциялык, мамлекеттик, стратегиялык, ликвиддүүлүк, репутациялык тобокелдиктер менен активдердин жана милдеттенмелердин балансында тең салмактуулукту бузушу мүмкүн деп белгилейт. Бардык тобокелдиктер өз ара байланыштуу жана банктын ишине таасир этет.

Банктар тарабынан айрым талаптар аткарылбаса, банкка карата чаралар көрүлөбү?

КР мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк банкка, анын акционерлерине жана банктын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот. Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуунун максаты, банктын жана / же Кыргызстандын бүтүндөй банк тутумунун ишиндеги көйгөйлөрдү тез арада жоюу, жөнгө салуу жана четтетүү.

КР банк мыйзамдарында, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында КР мыйзамдарында белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузуу учурлары таасир этүү чараларын колдонууга негиз болуп саналат.

Коргоо чаралары, банкка жана / же банктын кызмат адамына, эреже бузууларды четтетүү жөнүндө буйрук жөнөтүү, мисалы, финансылык жактан калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү, банк операцияларынын айрым түрлөрүнө чектөө коюу же тыюу салуу жөнүндө талаптарды кое турган банк мыйзамдарына ылайык лицензияны кайтарып алганга чейин чаралар көрүлүшү мүмкүн.

1-Банктык көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору Айгүл Сатыбалдиева

Пикир

Оставить комментарий