• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандын ТИМ башчысы Индиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү жана лидерлери менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 21.12.21./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Нью-Дели шаарында (Индия) Кыргызстандын делегациясы Индиянын ишкерлер чөйрөсүнүн, атап айтканда алар "Indian Chamber of International Business” (Индия эл аралык бизнес палатасы), “PHD Chamber of Commerce and Industry” (PHD соода жана өнөр жай палатасы), “Confederation of Indian Industry” (Индиянын өнөр жай конфедерациясы) жана “Federation of Indian Export Organizations” (Индиянын экспорттук уюмдар федерациясы) бир катар өкүлдөрү жана жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев башында турган кыргыз делегациясынын Индиянын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу “Индия - Борбордук Азия” диалогунун алкагында орун алды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз тарап Индиянын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө жана жетекчилерине Кыргыз Республикасына инвестициялоонун артыкчылыктары боюнча, тактап айтканда, кыргыз тараптын соода-инвестициялык мамилелерди өркүндөтүүгө даярдыгы, жагымдуу салык режими, инвестицияларды коргоо жана ишкерлерди колдоо боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, экономиканын гидроэнергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары, айыл чарба, туризм, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (IT), саламаттыкты сактоо (фармацевтика), билим берүү жана жеңил өнөр жай сыяктуу келечектүү тармактары жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде, Индиянын бизнес өкүлдөрү Кыргызстандын экономикасынын келечектүү тармактарын (фармацевтика, туризм, гидроэнергетика жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар) изилдөөгө кызыкдар экенин билдирип, ушуга байланыштуу Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары жана бизнес өкүлдөрү менен ишкердик байланыштарды түзүү үчүн Кыргызстанга келүү жөнүндө каалоолорун билдиришти.

Өзгөчө басым азыркы учурдагы эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук-логистикалык коридорлордун чектелген мүмкүнчүлүгүнө жасалды, ушуга байланыштуу тараптар мультимодалдык каттамдарды жана үчүнчү өлкөлөрдүн портторунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу аларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар жогоруда аталган ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн жана жетекчилеринин Кыргызстандын президенти С.Жапаровдун Индияга боло турган иш сапарынын алкагында пландаштырылган кыргыз-индия бизнес-форумуна жигердүү катышуусу жөнүндө макулдашууга жетишишти. Ошондой эле, кыргыз тарап рыноктун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн жолугушуулардын катышуучуларын Кыргызстанга чакырды, жана ошону менен бирге Кыргызстандын экономикасына инвестициялоого үндөп кетти.

Пикир

Оставить комментарий