Кыргызстанда бир аптада КРВИ жана сасык тумоонун дээрлик 33 миң учуру катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир аптада курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоонун 32 миң 756 учуру катталып, анын 21 миң 71и же 64,3%ы 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен КРВИ – 32 миң 636 учурду, сасык тумоо – 120 учурду түзгөн.

КРВИ, сасык тумоо сыяктуу оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

— беткап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;

— респиратордук гигиенаны сактоо, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду бет аарчы менен жабуу жана кийин аларды туура жок кылуу;

— өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана оорунун башка белгилери бар адамдарды өз убагында обочолоо;

— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү убагы менен желдетүү, тазалоо);

— балада КРВИ белгилери пайда болсо – балаңызды сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жардам үчүн дарыгерге кайрылыңыз.

Пикир

Оставить комментарий