• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Менингит оорусу тууралуу эмнелерди билесиз?

Ден соолук 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Менингит — мээ жана жүлүн кабыкчасынын сезгенүүсү. Менингитти бактерия, вирустар жана башкалар козгойт. Менингит дарыланбаган курч жана өнөкөт жугуштуу оорулардын кесепетинен келип чыгат.

Оору тыгыз байланышта жугат. Оору жуккан учурдан тартып башталганга чейин бир күндөн он күнгө чейин созулат.

Бейтап оорунун алгачкы күндөрүнөн тартып башкаларга жугуштуу. Инфекцияга кабылуу жалпы, бирок 5 жашка чейинки балдар көбүрөөк ооруйт.

Ошондой эле тобокел топко 15-25 жаштагы өспүрүмдөр жана жаштар кирет, бул куракта алар эл көп болгон коомдук жайларда көбүрөөк убакыт өткөрүшөт.

Оорунун белгилери:

  • катуу баш оору, өзгөчө маңдайкы бөлүктө;
  • тамак ичүүгө байланыштуу эмес, жеңилдик алып келбеген кайра-кайра кусуу;
  • дене табынын 39-40°С чейин жогорулашы;
  • чыйрыгуу;
  • ал кетүү;
  • кубаруу;
  • тамактан баш тартуу.
  • Сөзсүз көңүл бура турган эң коркунучтуу белги - бул исиркектердин пайда болушу.

Оорунун кантип алдын алуу керек:

  • бейтап менен байланышпоо, бет каптарды колдонуу, колду кылдат жуу;
  • жайларды тез-тез желдетип туруу жана нымдуу тазалоо, денени чыңдоо жана спорт менен алектенүү;
  • оорунун күчөтүшү мүмкүн болгон курч жана өнөкөт жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо.

Эскерте кетсек, эгерде оорунун белгилери пайда болсо, эч кандай учурда өз алдынча дарыланууга болбойт, мүмкүн болушунча тезирээк дарыгерге кайрылуу керек, анткени оорунун олуттуу оорчулуктарга алып келген чагылгандай тез түрлөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий