• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда бир суткада эки өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде эки өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Октябрь районунун 12-кичирайонундагы үйлөрдүн биринде электр калканы жана жер төлөөсүндө 15 метр электр зымдары күйгөн. Өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыккан.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында турак үйдүн мору күйгөн. Өрт жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий