• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кызыл Бирлик айылындагы зордуктоо. Кызга экинчи ирэт операция жасалды

Кырсык 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Чүй облусунун Кызыл Бирлик айылында зордуктоого кабылган кызга экинчи жолу операция жасалды. Бул тууралуу Instagram социалдык түйүнүндөгү тайпалардын биринин колдонуучусу жазган.

Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун жабыркаган 7 жашар кызга экинчи ирэт операция жасашкан.

“Операция жакшы өттү, секелек кыз кечке жакын өзүнө келген”, - деп жазат колдонуучу.

Бирок билдирүүдө Аламүдүн РИИБде бул ишти карап жаткан тергөөчү азыркы убакытка чейин кылмыш ишин козгой электиги кошумчаланган.

“Күн мурун эле ал ооруканадан кыздын саламаттыгы тууралуу баянды алып кетти, эми биз экспертиза кызматкери качан эмгек өргүүдөн чыгат деп күтүп жатабыз. Ал эми баласын “психушкага” бекитип койгон ата-энеси билип алышсын, мен эмне болуп жаткандыгы тууралуу бардыгын айтып турам”, - деп жазат колдонуучу.

Эске сала кетсек, Аламүдүн районунда 17 жаштагы өспүрүм 6 жаштагы кызды зордуктаган. Кызга узак убакыт дарылануу туура келген.

Социалдык кызматкерлер өспүрүмдүн акыл-эсинин кем экендигин тастыкташкан.

Пикир

Оставить комментарий