• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү

Экономика 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы токтому менен эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Тартип электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучуларына карата колдонулат жана эсеп-фактураны электрондук документ, анын ичинде электрондук кол тамганы колдонуу менен кошумча документ түрүндө жүгүртүүдө электрондук өз ара аракеттешүүнүн катышуучуларынын ортосунда документ жүгүртүүнүн жол-жоболорун белгилейт.

Токтом менен төмөнкүлөр белгиленди:

1) КНС төлөөчү жана товарларды импорттоо жана/же экспорттоо менен алектенген салык төлөөчү, ошондой эле катары менен келген акыркы 12 айда же болбосо катары менен келген 12 календардык айга жетпеген мезгилдин ичинде түшкөн акчанын көлөмүнүн суммасы 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчү:

– белгиленген тартипте электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталат;

– ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча эсеп-фактураларды тариздейт;

2) катары менен келген акыркы 12 айда же болбосо катары менен келген 12 календардык айга жетпеген мезгилдин ичинде түшкөн акчанын көлөмүнүн суммасы 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчү эсеп-фактураны 2022-жылдын 1-апрелинен тартып тариздейт.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү экендигин маалымдайт.

Товарларды экспорттоодо эсеп-фактура Кыргыз Республикасынын аймагынан товарлар ташып чыгарылганга чейин таризделет.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып КНС төлөөчүлөр, ошондой эле товарларды импорттоочулар жана/же экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө тариздешүүдө.

Толук маалыматты, салык төлөөчүнүн колдонмосун жана "Электрондук эсеп-фактура" системасы менен иштөө боюнча жооптуу кызматкерлердин байланыш номерлерин Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынын "Электрондук эсеп-фактура" бөлүгүнөн алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий