• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кытайдын элчиси кандай учурда кытайлык инвестиция Кыргызстанга келерин айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь кандай учурда Кыргызстанга кытайлык инвестиция келерин айтып берди.

Ал билдиргендей, инвестиция тартуунун негизги талабы туруктуулук болушу керек.

"Мен элчи катары Кыргызстанга көп кытайлык ишкерлерди тартууга аракеттенем. Бирок, аларга шарт түзүү зарыл. Аларды тартуу керек. Ошондуктан, Кыргызстанда туруктуулук сакталышы, экономиканын өсүшү менен инвестициялар болот деп үмүттөнөбүз. Ар кандай шарттар болот, бирок туруктуулук баарынан маанилүү", - деди элчи.

Андан тышкары, ал белгилегендей, эки өлкө кошуна туруп, географиялык абалы да ыңгайлуу болгондуктан ишкерлер Кыргызстанда коопсуздукту сезгенден кийин келет.

Пикир

Оставить комментарий