• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кытайдын визасын алуудагы кыйынчылыктар эмнеден жаралат? – элчинин жообу

Коом 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь кыргызстандыктардын виза алуудагы кыйынчылыгы эмнеден болорун айтып берди.

Элчи билдиргендей, ал виза берүү эрежелери өзгөргөндүгүнө байланыштуу болууда.

"Менимче, бизде виза берүү эрежелери өзгөргөнүнө байланыштуу кыргызстандыктарда виза алууда кыйынчылыктар болууда. Учурда баары интернет аркылуу жүрүп, бул кыргызстандыктар үчүн адаттагыдай болбой жатат. Бирок, тескерисинче, сизди качан кабыл аларын так билүү болгондуктан интернет аркылуу жеңил экенин айткым келет. Документтер алдын ала текшерилип, процесс заманбап болуп калды", - деди ал.

Элчи кошумчалагандай, көп учурда берилген квота боюнча орундар толбой калат. Ошондой эле ал, Кытай кыргызстандык туристтерге өзүнчө шарттарды түзгөнүн, бирок суроо-талап көп эмес экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий