• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда бир жумада 21 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 29-январдан 4-февралга чейинки аралыкта 21 мин 680 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 291;
  • мас абалында автоунаа башкаруу – 367;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 57;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 726;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 336;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 181;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 716 ;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң 151 автоунаа айып короосуна киргизилди.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий