• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россияда мекенинде сот адилеттигинен качып жүргөн кыргызстандыктар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.05.22. /Кабар/. Россияда мекенинде сот адилеттигинен качып жүргөн кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ар кандай кылмыштары үчун издөөдө жүргөндөрдүн жргөн жерин аныктоо жана кармоого Россиянын укук коргоо органдары тарабынан КР ИИМдин россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын алкагында жүргүзүлдү.

Москвада жана Россиянын башка шаарларынын аймагында КР укук коргоо органдары тарабынан бейбаштык, талап-тоноо, уурдоо, алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жаза өтөөчү жайлардан качуу, дезертирлик, жол кырсыктарын жасоо, кредит төлөбөгөндүгү, алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип жаткан 24 жарандын жайгашкан жерлери аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 1989-жылы Чүй облусунда туулган Б.Р. аттуу жаран кармалган. Ал, 2018-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 166-беренеси боюнча ("Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн.

КР ИИМинин өкүлчүлүгүнүн активдүү көмөгү менен 1977-жылы Ош облусунда туулган М.А. аттуу мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалган. Ал Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан, 2021-жылдан баштап сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР КЖКнын 266-бер. боюнча ("Бейбаштык") изделип келген.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издеөөдө жүргөн 1975-жылы Ысык-Көл областында туулган Э.А. аттуу жаран кармалган. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө болгон. Узак убакыт бою чет өлкөдө жашынып жүргөн. Издөө демилгечисине кабарланды.

1990-жылы Жалал-Абад облусунда туулган О.Ч. аттуу жаран кармалган, Ал, Сузак райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан 2009-жылы КР КЖКнын 167-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, издөөдө жүргөн. Издөө демилгечисине кабарланды.

1982-жылы туулган коңшу республикалардын биринин жараны кармалды, ал Чүй облусунун Сокулук районунун Ички иштер бөлүмү тарабынан 90-беренеси ("Жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулганда сыноо мөөнөтүн дайындоо") "сыноо мөөнөтүнүн ичинде жүктөлгөн милдеттерди аткарбоо" боюнча бөгөт коюу чарасы - "камакка алуу" түрү тандалып, изделип жаткан адам кармалган жана Москва шаарынын Тергөө абагына отургузулган, учурда экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

1991-жылы Ош облусунда туулган Т.К. аттуу жаран кармалган, ал Кыргыз Республикасынын КЖКнын 297-беренеси ("Жол кыймылынын эрежелерин жана автомототранспорт каражаттарын бузуу") каралган кылмыштын курамынын белгилери боюнча Ош облусунун Өзгөн райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан изделип жатат. Аталган жарынга карата 2021-жылы мамлекеттер аралык издөө жарыяланып, издөөдө жүргөн.

1969-жылы Жалал-Абад облусунда туулган М.А. аттуу жараны кармалган. Ал, 2010-жылы Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 234-беренеси менен ("Курал колдонуу менен коштолгон бейбаштык") козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн. Издөө демилгечисине кабарланды.

1989-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан изделген М.Д. аттуу жаран кармалган. Ал 2007-жылы КР КЖКнын 359-беренеси менен ("Кызмат ордун өзү билип калтыруу") боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө жарыяланып издөөдө жүргөн. Издөө демилгечисине кабарланган.

1973-жылы Жалал-Абад областында туулган, Бишкек шаарынын Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан 2016-жылдан тартып, КР КЖКнын 166-береренеси ("Ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында изделип жаткан жарандын жайгашкан жери аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Ички иштер бөлүмү тарабынан 2014-жылы КР КЖКнын 304-бер. менен ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") козголгон кылмыш иши боюнча изделип жаткан 1979-жылы Ысык-Көл облусунда туулган С.Ж. жашап жүргөн жери аныкталган. Издөө демилгечисине кабарланды.

Ош облусунун Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 200-бер. (турак жайга кирүү менен алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө уурулук, КР КЖКнын 2017-жылдагы редакциясы) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында изделип жаткан 1996-жылы Ош облусунда туулган Т. уулу А., кармалган. Ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Издөө демилгечисине кабарланды.

2009-жылдан тартып мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1983-жылы Бишкек шаарында туулган, П.И. кармалган, Ал Бишкек шаарынын Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан КР КЖКнын 166-б. менен ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык жасоо") козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн. Издөө демилгечисине кабарланды.

1967-жылы Чүй областында туулган Ч.Г. аттуу жарандын турган жери аныкталган, ал 2012-жылдан бери Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан, кредиттер боюнча карыздарды төлөбөгөндүгү үчүн изделип келген. Издөө демилгечисине кабарланды.

Бул иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшү КР ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү жана укук бузуучуларды издөө жарыялаган Кыргызстандын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлери менен бирге маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында ийгиликке ашкан.

Мындан тышкары, жогоруда белгиленген издөөдө жүргөн адамдардын жарымы балдарын узак убакыт бою багуудан баш тартып, балдарына алимент төлөбөгөндөр болуп чыкты.

Алардын айрымдары дээрлик 7 жылдан бери жашы жете элек балдарды бар экендигин эстегиси келбеген жарандар.

Издөө иши ачылган качкын аталарга алименттик милдеттенмелер эскертилди. Издөө демилгечилерине билдирилди, ИИМдин өкүлчүлүгү тарабынан издөөдө жүргөн бардык адамдардан алимент боюнча карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелер алынды. Алардын баарына жашы жете элек балдарын эстөөгө мүмкүнчүлүк берилди.

Ошентип, төмөнкү адамдардын жайгашкан жери аныкталды:

- КР жараны К.Р. 1983-жылы Ош облусунда туулган, Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмү тарабынан алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделген. Издөө демилгечисине билдирилди, изделип жаткан адамдан алимент боюнча карызды жоюу жөнүндө милдеттенме алынды.

-КР жараны Ж.Р. 1986-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, алимент төлөбөгөндүгү үчүн Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан изделип келген.

-КР жараны К.А. уулу 1982-жылы Ош облусунда туулган, алимент төлөбөгөндүгү үчүн Ош облусунун Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан изделип келген.

-КР жараны А.А. 1994-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан алимент төлөбөгөн адам катары изделген.

- 1981-жылы туулган, Чүй облусунда туулган М.Д. жараны алимент төлөбөгөндүгү үчүн Чүй облусунун Токмок шаардук Ички иштер бөлүмү тарабынан изделип келген.

- жаран Ж.М.1976-жылы Нарын облусунда туулган, Нарын облусунун Кочкор райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделген.

- 1970-жылы туулган А.Ш., Ош облусунун Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан 2020-жылдан бери алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип келген.

- 1981-жылы туулган Т.К., Ош облусунда туулган, ал 2019-жылдан бери алимент төлөбөгөндүгү үчүн, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан изделип келген.

- 1976-жылы туулган К.А. Ош облусунда туулган, 2015-жылдан бери алимент төлөбөгөндүгү үчүн, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгы тарабынан изделип келген.

- 1991-жылы туулган Э.А., Сузак райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан, 2021-жылдан бери алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип келген.

-1985-жылы Жалал-Абад облусунда туулган А.К., 2020-жылдан тартып Жалал-Абад облусунун Сузак райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип жаткан жаран.

КР ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү издөөдө жүргөн, тергөөдөн жана соттон качкан, республиканын чегинен тышкары укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн адамдарды аныктоо боюнча ишин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий