• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жолдорду, көпүрөлөрдү сел алган. Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. 21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык,жаандын кесепетинен аталган райондун Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү 4 миң 370 метр ички жолду, 6 ички чарбалык көпүрөнү сел алган.

Андан сырткары, 29 турак үйдүн там аркаларын суу каптап, 1 социалдык объект менен 6 турак үйдүн ичине суу кирген.

Жеринде жарандык коргонуу кызматтары жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий