• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында жарандык коргонуу кызматы жыл жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында жарандык коргонуу кызматынын 2023-жылда аткарылган жумуштарынын жыйынтыгын чыгарган жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага шаар мэринин орун басары Жаныш Раимжанов, мэриянын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Каныбек Маматкулов жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо максатында шаар боюнча онго жакын иш-чаралар, эки машыгуу өткөрүлгөнү айтылды.

Мындан сырткары, 2024-жылга карата иш- пландардын жүзөгө ашыруулусу белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий