• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Өспүрүм” иш-чарасы. Кызыл-Кыяда ишке тартылган тогуз өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында 16-23-август күндөрү “Өспүрүм” иш-чарасы өткөрүлдү, - деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаардык милициясынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери шаар аймагын кыдырып, кылмыштуулукту болтурбоо жана укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чаранын жыйынтыгында “Таштемир-Ажы” базарында соода кылган жети, автоунаа жуучу жайда иштеген эки өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми жашоо-шарты оор кырдаалга кабылган алты бала аныкталып, алардын баары Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан “Тирек” кризистик борборго жайгаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий