• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ошто шайлоо участоктору парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр

Аймак 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бүгүн, 3-ноябрь күнү Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин келе жаткан парламенттик шайлоого даярдыгын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы өз кыдыруусунда ар бир аймактык башкармалыктын бирден шайлоо участогун көрдү. Алардын ичинде №5278, №5900, №5274, №5555, №5310, №5324, №5321 участкалык шайлоо тилкелеринде болгондо интернет байланышынын, жылуулуктун болушуна, алтернативдик энергия булактары менен камсыздалышына өзгөчө маани берилип, тапшырмалар коюлду.

Мэр өз сөзүндө участкалык шайлоо тилкелеринде даярдык жакшы экенин жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо өз убагында дагы жүрөөрүн айтты. Шайлоо өткөрүү боюнча штабдын мүчөлөрүнө айрым жетишпегендиктерди жоюу боюнча тапшырмаларды берди.

"Биз шайлоодо кемчиликтерди кетирбешибиз керек. Административдик ресурсту колдонуу боюнча сөз да болушу мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө алдын алуучу чаралар катары аймактык башкармалыктын айрым жетекчилери ротацияланды, жетекчилерге, квартал, үй башчыларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эгерде кайсы бир кызмат адамдары мыйзамдан чыгып шайлоого аралашса, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт", - деп кошумчалады А.Мамбетов.

Ош шаарында шайлоо тилкелерининин басымдуу көпчүлүгү билим берүү мекемелеринде жайгашкан. Даярдык иштери алдыда дагы көзөмөлдөнүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий