• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Кыргызстанда бир жумада 24 миңден ашуун жол эрежесин бузуу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 14-августанан 20-августка чейин,ки аралыкта 24 миң 69 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 255;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 256;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 60;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуу фактылары – 1 337;ж
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 5 152;
- авто ээнбаштык – 8;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 5 036;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 5;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 960;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 449 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий