• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда бир жуманын ичинде 15 миңге жакын жол эрежесин бузуу катталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир жуманын ичинде 14 миң 896 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- жогорку ылдамдыкта айдоо - 2 152;

- тиешелүү документтери жок унаа башкаруу - 183;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн - 5 252;

- транспорт каражаттарын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн - 6 254;

- айнектерин караңгылатуу - 43;

-мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн - 212. Ал эми ар кандай эреже бузган 632 айдоочунун автоунаасы айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий