Кыргызстанда бир жылда 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгон категориядан чыкты

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда бир жылда 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгон категориядан чыкты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин быйылкы жылдын май айындагы жана өткөн жылдын ушул маалындагы көрсөткүчтөрүнөн байкаса болот.

Ведомстводон маалымдашкандай, өткөн жылдын май айында 323,7 миң 16 жашка чейинки балдар, же 97,5 миң муктаж үй-бүлө ай сайын берилүүчү "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алышкан. Ал эми үстүбүздөгү жылдын май айында бул жөлөк пул 278,8 миң балага, же 81,5 миң үй-бүлөгө төлөндү.

Ошентип, аз камсыз болгон балдардын саны 44,9 миңге, же 16 миң үй-бүлөгө азайган.

Пикир

Оставить комментарий