Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Бишкекте 30-мартта биринчи жолу кёрлинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Биринчилик үчүн төрт команда ат салышты: Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын.
Чемпионаттын жыйынтыгында Ысык-Көл командасы кёрлинг боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпиону аталды. Экинчи орунга Нарындын командасы татыса, үчүнчү тепкичке Чүй командасы жайгашты.
Жеңүүчүлөргө кубок, чемпиондук медаль жана федерация тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылды.
1-орун — Ысык-Көл облусу
- Исхак Абыкеев
- Эльмара Асангалыева
2-орун — Нарын облусу
- Тунук Сексенова
- Адил Жанбосунов
3-орун — Чүй облусу
- Керемет Асанбекова
- Амина Юсупова
4-орун — Жалал-Абад облусу
- Бексултан Мырзабаев
- Үмүт Бектурганова.
Пикир
Оставить комментарий