• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кыргызстанда биринчи жолу салмак текшерүүчү заманбап унаа алынды

Экономика 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 34 жылда биринчи жолу мамлекеттик бюджеттин эсебинен “Кыргызстандарт” ишканасына кыймылдуу салмак текшерүүчү заманбап унаа сатылып алынды. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев комплексти «Кыргызстандарт» ишканасына расмий тапшырды.

«Кыймылдуу салмак текшерүү унаасы – бул жөн гана метрологиялык көзөмөл куралы эмес, ошондой эле ачык жана адилеттүү экономикалык чөйрөнү түзүүгө көмөк көрсөтүүчү стратегиялык ресурс», - деп белгиледи.

Салмак текшерүү комплекси 80 тоннага чейинки жабдуулар менен иштөөгө жөндөмдүү. Комплекстин негизги милдети – автомобиль таразаларын текшерүү, жабдууларды, анын ичинде өлкө боюнча жайгашкан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин салмак-габариттик көзөмөл системаларын калибрлөө.

Унаа эталондук гирлердин топтому жана талаа шарттарында так калибрлөө үчүн кошумча жабдуулар менен жабдылган.

Көчмө тараза калибрлөө комплекси так өлчөөлөрдү жакшыртууга, соода жана логистикадагы алдамчылык учурларын азайтууга, тараза жабдууларына болгон ишенимди бекемдөөгө, өнөр жай менен айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана экономиканын негизги тармактарынын натыйжалуу иштөөсүнө шарт түзүүгө мүмкүндүк берет.

Маалымат үчүн: Салмак текшерүү унаасы – бул ар кандай тараза жабдууларын колдонуу жерлеринде текшерүү жана калибрлөө үчүн арналган адистештирилген транспорт каражаты. Мындай унаалар жабдууларды кампа, соода түйүндөрү, өндүрүш ишканалары жана транспорттук түйүндөр сыяктуу реалдуу эксплуатация шарттарына жакын жерде текшерүүгө жана калибрлөөгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий