• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Кыргызстанда үч жылда 315 мектеп жана 69 бала бакча курулду — Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда курулуштун көлөмү 3 жылдын ичинде жогорку деңгээлге жетти, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынынын жүрүшүндө.

Анын айтымына караганда, айрыкча социалдык объектилерди куруу колго алынды.

"Акыркы 3 жылдын ичинде 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объектилери курулду, ошондой эле 125 айылдын таза суу маселеси чечилди", - деди ал.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын аягына чейин билим берүү тармагынын 140 объектисинин курулушу аяктаган. Мындан тышкары Баткен облусунда 417 турак жай жана 23 социалдык объект пайдаланууга берилди.

Үч жылдын ичинде Ош облусунда 113 объект, анын ичинде 73 мектеп жана бала бакча курулган. Жалал-Абад облусунда 66 объект (38 мектеп), Баткен облусунда 67 социалдык объект курулган.

"Быйыл Чүй облусуна басым жасайбыз. Өткөн жылы калкы эң көп Чүй облусунда 15 гана мектеп курулган", - деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий