Кыргызстанда Ден соолук коопсуздугу боюнча улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу башталды

Ден соолук 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда Ден соолук коопсуздугу боюнча улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул улуттук план 2023-жылдын июль айында өткөрүлгөн экинчи Биргелешкен тышкы баалоонун сунуштарына негизделген, анда Кыргызстан ДСУнун Европа аймагында экинчи Биргелешкен тышкы баалоону ийгиликтүү аяктаган биринчи өлкө болгон.

Бул улуттук план жугуштуу оорулардын чыгышын, табигый кырсыктарды жана башка өзгөчө кырдаалдарды камтыган ден соолукка коркунуч келтирүүлөрдүн кеңири спектрине даярдык көрүү, жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү чараларын камтыган стратегиялык жол картасы болуп саналат. Ал кризис болгон учурда ыкчам жана координацияланган жооп кайтарууну камсыз кылуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталат.

Бул планды түзүүгө саламаттыкты сактоо, айыл чарба, ветеринария жана башка тармактардагы түрдүү улуттук өнөктөштөр активдүү катышууда. Мындан тышкары, бул иш-чарага USAID жана US CDC сыяктуу эл аралык өнөктөштөр да катышууда.

Пикир

Оставить комментарий