• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда кызамык оорусуна каршы эмдөө кампаниясынын экинчи этабы башталды

Ден соолук 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта Жалал-Абад облусунда кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө кампаниясынын экинчи этабы башталды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, эмдөө кызамыкка каршы вакцина менен жүргүзүлөт. Март айында республикалык бюджеттин эсебинен өлкөгө 264 миң 500 доза вакцина алынды.

Кампаниянын жүрүшүндө максаттуу топтогу балдардын 95%дан кем эмеси камтылышы керек. Кызамыкка каршы вакцинанын 2-дозасын алган балдарды кошпогондо, 9 айдан 7 жашка чейинки бардык балдар эмдөөдөн өтүшөт.

Эмдөөнү ҮМБ/ҮДТ/ФАПтарда жана билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан акысыз алса болот.

Калган бардык аймактарда кызылчага, паротитке жана кызамыкка каршы (КПК) вакцина менен пландуу эмдөөнүн алкагында кызылчага жана кызамыкка каршы эмдөө күчөтүлдү. Кызамык оорусуна каршы эмдөө кампаниясынын экинчи этабынын алкагында өлкөнүн калган аймактарында кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозалары жеткиликтүү болгондон кийин кошумча эмдөө башталат.

Маалымат үчүн: Кызамык коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору. Балдарды кызамыктан коргоонун бирден бир жолу бул эмдөө!

Кызамык вирусунун жүгүртүүсүн азайтуу, анын очогун жок кылуу жана андан ары жайылышын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын сентябрь айында Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында 9 айдан 7 жашка чейинки балдардын арасында кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясын өткөргөнүн эске салабыз. Кампаниянын биринчи этабында камтуу 479 386 балага жетти (максаттуу топтун 79%).

Пикир

Оставить комментарий