• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Русланбек Тагаев Чүй районунун акими болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Русланбек Тагаев Чүй облусунун Чүй районунун акими болуп дайындалды, деп билдирет президенттин маалымат кызматы.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Тагаев Русланбек Таштанбекович Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле президент кол койгон тескемеге ылайык, Алмаз Аттокуров Чүй облусунун Чүй районунун акими кызматынан бошотулду.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Аттокуров Алмаз Анарбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий