• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Кыргызстанда эхинококкоз оорусуна чалдыккандардын саны көбөйүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 12.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда эхинококкоз оорусу менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу радиолордун бирине берген маегинде Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору жана академик Рахатбек Оморов билдирди.

Анын айтымында, мурда жылына 30дун тегерегинде гана операция жазалса, учурда 300дөн өйдө операция жасалууда.

“Бул оору союз тарагандан бери эле өтө актуалдуу болуп келе жатат. Паразиттик оорулар жылдап билинбей жүрө берет. Мындан бир топ жыл мурда эхинококкоз, альвеококкоз оорулары Кыргызстанда жокго эсе болчу. Мурда өлкө боюнча жылына 30дун тегерегинде гана операция жазалса, учурда биздин эле ооруканада 300дөн өйдө операция жасалууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 миңге жакын киши эхинококкоз менен ооруйт. Бул ооруларды алдын алуунун башкы жолу эле гигиена, тазалык, касапканалардын эрежени сактоосу жана ит-мышык багууда дары берип, убагында дарылатып туруу. Ошону менен катар ар бир адам жылына бир жолу УЗИге түшүп турушу керек”,-деди ал.

Маалымат үчүн: Эхинококкоз - боордо, өпкөдө жана башка органда эхинококк деген мите курту пайда болгон оору. Эхинококкоз менен негизинен адамдар жана үй жаныбарлары ооруйт. Эхинококк ит, мышык, бөрү, чөө, түлкү жана башка жаныбарлардын ичегисине жабышып, өсүп жетилет да, анын денесинин акыркы бөлүкчөсү жумурткалары менен кошо үзүлүп, заң менен айлана-чөйрөгө бөлүнөт. Тегерегиндеги чөп, топурак, буюмдарды жана башкаларды булгайт. Көп жумурткалары ылаңдуу иттин жүнүнө жабышып жашайт. Алар абдан чыдамдуу келип, айлана-чөйрөдө бир нече айга чейин сакталат да, адамга жана малга жугуу коркунучу жогору.

Пикир

Оставить комментарий