• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда экологдор окуучуларга билим берүү экспедициясын өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда экологиялык билим берүү экспедициялары уланууда жана бул жолу экологдор мектеп окуучулары үчүн Бүткүл дүйнөлүк турна күнүнө карата кызыктуу сабактарды өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргызстандагы NABU уюмунан билдиришти.

Уюмдун маалыматына караганда, экспедициянын маршруту турналардын миграциялык зонасына кирген Түп районунун Түп, Ысык-Көл, Ынтымак айылдарын, ошондой эле Сары-Булуң, Тогуз-Булак жана Каркыра өрөөнүнө жакын жайгашкан Кең-Суу, Байзак айылдарынын орто мектептерин камтыды.

Аталган айылдардын мектептеринин окуучулары үчүн экологиялык ачык сабактар жана Тогуз-Булак айылынын окуучулары үчүн практикалык талаа иштери өткөрүлүп, балдар уюмдун ишмердүүлүгү жана турналарды коргоонун маанилүүлүгү менен тааныштырылды.

Белгиленгендей, атайын даярдалган ачык сабак экологиялык билим гана бербестен, дем берүүчү да болуп, балдардын табиятты коргоого жана сейрек кездешүүчү канаттууларды сактоого болгон кызыгуусун арттырат.

"Биздин экологдор турналардын түрлөрү, алардын жашоосу жана ушул аймакта болуп жаткан миграция мезгили жөнүндө кызыктуу фактыларды жана маалыматтарды айтып беришти.

Куштардын жашоосу жана түрлөрү жөнүндө жазылган "Куштар аңгемеси" аттуу чыгарма окуучулардын катышуусунда аткарылып, балдарга өзгөчө таасир калтырды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий