• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Империя пиццадан” ролл жеп уулангандардын алгачкылары ооруканага бир жума мурун кайрылышкан

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. / Кабар/. “Империя пиццадан” ролл жеп уулангандардын алгачкылары мындан бир жума мурун ооруканага кайрылышкан. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Империя пиццанын” бардык 16 филиалы жабылып, аларга жагдайлар такталганга чейин жабылсын деген санитардык буйрук берилди.

“Бизге “Империя пиццанын” филиалдарынын биринен буйрутма аркылуу алган роллдон ууланган 3 адам тууралуу маалымат түшкөн. Алар үйүндө саат 21:00дө жешип, 02:00гө жакын жабырлануучулар кусуп, дене табы көтөрүлүп, ооруканага кайрылышкан. Экспертиза жүрүп жатканына байланыштуу уулануунун себеби азырынча тактала элек”, - деди дарыгер.

Андан ары анын айтымында, бардык анализдер аталган тармактын продукциясынан да, кызматкерлерден да чогултулган.

“Бир жума мурда “Азия-Мол” соода борборундагы “Империя пицца” тармактарында уулануу катталган, 3-4 күн өткөндөн кийин ушул сыяктуу учурлар дагы катталды. Уулангандардын экөөсүндө жеңил форма болгон. Алар амбулатордук түрдө дарыланышкан”, - деди Кундуз Есенгулова.

Пикир

Оставить комментарий