• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстанда эт, сүт жана жумуртка өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-жылдын 1-сентябрына карата өндүрүлгөн мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрү тууралуу маалымат берди.

Эт өндүрүү. 2024-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 272,3 миң тонна эт өндүрүлдү. Башкача айтканда, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 566 тоннага же 2,1 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат.

Республикада эт өндүрүүнүн жогорулашы айыл чарбада малдын көбөйүшү менен байланыштуу. 2023-жылдын аягына карата өлкөдө мал санактын жыйынтыгы боюнча ири мүйүздүү малдын саны 18,8 миң башка, кой жана эчкинин саны 15,1 миң башка, жылкынын саны 8,5 миңге жана үй канаттуулардын саны 620 миңге көбөйгөн.

Сүт өндүрүү. 2024-жылдын январь-август айында республикада 1 млн 238 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 30,4 миң тоннага, же 2,5 пайызга сүт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтөт. Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 16,5 башка көбөйүшү жана уйлардын кунардуулугунун жогорулашы менен байланыштуу, уйлардын орточо саны отчеттук мезгилде 21,6 кг көбөйүп 1376,2 кг түздү.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилде өлкөдө 533 млн 374 миң даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 50 201 миң даанага же 110,4 пайызга көбүрөөк. Азыркы учурда жумуртка өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйүдө. Жумуртка өндүрүүнүн жогоруулашынын эң негизги себеби тооктордун саны 571,1 миң башка көбөйүшү жана тооктордун азыктуулугунун жогоруулашы менен байланыштуу.

Жүн өндүрүү. 2024-жылдын 1-сентябрына карата республикада 13 148,5 тонна жүн өндүрүлдү, бул көрсөткүч 234-тоннага көбөйүшү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 101,8 пайызды түзгөнү байкалат. Жүн өндүрүү республиканын бардык облустардын чарбаларында көбөйүшүү байкалат, эң негизги себеби - койлордун саны 37 609 башка көбөйүшү жана азыктуулугунун жогоруулашы менен байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий